# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5481/edition/26557/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022035/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 99-статьянын 1-пунктунун төртүнчү – алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«үчүнчү кезекте – күрөө менен камсыз кылынбаган кредиторлордун негизги суммалары жана алардын пайыздары боюнча, ошондой эле салык милдеттенмелери жана салыктык эмес кирешелерди төлөө милдеттенмелери боюнча талаптар канааттандырылат; төртүнчү кезекте – милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын жана салык милдеттенмесинин, салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенменин негизги суммаларын кошпогондо, бюджетке жана бюджеттен тышкары фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлөт; бешинчи кезекте – бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча пайыздарды кошуп алганда, үчүнчү жана төртүнчү кезектеги кредиторлордун үстөк айыбын (туум жана айып) төлөп берүү боюнча талаптар канааттандырылат.»;

2) 2191-статья төмөнкүдөй мазмундагы бɵлүк менен толукталсын:

«Салык карызын өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын cалык мыйзамдары менен белгиленет.».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035/st-2)
