# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 66-т (Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамга ачкычтарынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 66-т (Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамга ачкычтарынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 66-р
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230022011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19435/edition/26478/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230022011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 66-т (Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамга ачкычтарынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштоо тууралуу) тескемеси (07.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230022011

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 7-февралы № 66-т

Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамга ачкычтарынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду кайра баштоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:

1) 2025-жылдын 11-январынан тартып 2026-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук колтамга ачкычтарынын сертификаттарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзүүнү кайра баштасын;

2) пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштоо менен байланышкан уюштуруу-техникалык чараларды көрсүн;

3) пилоттук долбоорду кайра баштоо жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

2. Бул тескеменин жоболору ал колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата жайылтылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси пилоттук долбоорду техникалык ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 408-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
