Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 42 токтомуна)
Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык иштелип чыккан жана муниципалдык мүлктү эсепке алуунун эрежелерин, муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине коюлуучу талаптарды белгилейт, муниципалдык мүлктү башкарууда жана тескөөдө пайда болгон мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле процесстин катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:
1) муниципалдык мүлк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуу булагы катары кызмат кылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигинде турган мүлк;
2) эсепке алуу объекти - бул муниципалдык мүлк, ал жөнүндө маалыматтар муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш;
3) муниципалдык мүлктү эсепке алуу - муниципалдык менчик объекттери жөнүндө маалыматтарды жыйноо, каттоо, жалпылоо, сактоо жана көрсөтүлгөн маалыматтарды муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизүү;
4) муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри (мындан ары - ММБР) - эсепке алуу объекттеринин тизмесин жана алар жөнүндө деталдуу маалыматтарды, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте муниципалдык мүлк өткөрүп берилген укук ээлери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар банкы;
5) "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары - "Санарип аймак" АМС) "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" модулу - иштеп чыгуунун берилген функцияларын камсыз кылган жана мүлктү эсепке алуу жана ал жөнүндө маалыматтарды берүү процесстерин ишке ашыруучу маалыматтык технологиялардын жана документтердин уюштуруу жагынан иреттелген жыйындысын билдирүүчү "Санарип аймак" АМС функционалдык модулу;
6) мүлктүн инвентардык номери - эсепке алуу объектинин уникалдуу, кайталанбаган номери, ал мүлктү ММБРге киргизүүдө система тарабынан автоматтык түрдө ыйгарылат;
7) укук ээси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын аткарууну камсыз кылуу үчүн муниципалдык мүлк мыйзамда белгиленген тартипте чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга, ижарага, ипотекага же күрөөгө берилиши мүмкүн болгон юридикалык же жеке жак;
8) муниципалдык мүлктүн менчик ээси - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
9) процесстин катышуучулары - анын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо (мындан ары - "Санарип аймак" АМС жөнүндө жобо) менен аныкталган ММБРдин ээси, администратору, оператору, пайдалануучулары.
3. ММБРди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн максаты муниципалдык мүлктүн курамы, анын техникалык абалы, нарктык жана башка мүнөздөмөлөрү жөнүндө анык маалыматтарды камтыган муниципалдык менчик объекттерин эсепке алуунун жана башкаруунун бирдиктүү системасын уюштуруу болуп саналат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (мындан ары - ЖӨБ органы) ММБРдин менчик ээси болуп саналат.
2-глава. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине карата талаптар
5. Муниципалдык мүлктү эсепке алуу өзүнө анын башка объекттерден айырмалоого мүмкүндүк берген жеке өзгөчөлүктөрүн (аталышын, мүлктүн түрүн, жайгашкан жерин, эксплуатацияга берилген датасын, инвентардык номерин, баланстык наркын, аянтын) көрсөтүү менен эсепке алуу объектинин сыпаттамасын камтыйт.
6. Муниципалдык мүлктү эсепке алууну жана ММБРди жүргүзүүнү ЖӨБ органынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү же бухгалтери (мындан ары - ыйгарым укуктуу адам) жүргүзөт.
7. Ыйгарым укуктуу адам:
1) ММБРди жүргүзүү эрежелеринин жана реестрди жүргүзүү процессине коюлуучу талаптардын сакталышын камсыз кылат;
2) ММБРге жетүү укуктарынын сакталышын, мамлекеттик жана коммерциялык сырды коргоону камсыз кылат;
3) маалыматтык тейлөөнү ишке ашырат, ММБРден көчүрмө берет.
8. ММБРдин эсепке алуу объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ЖӨБ органынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк;
2) ЖӨБ органынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу мүлк;
3) ЖӨБ органы уюштуруучусу (катышуучусу) болуп саналган юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар.
9. ММБРди жүргүзүү ушул Тартипке, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү "Санарип аймак" АМС жөнүндө жобого, "Санарип аймак" АМС регламентине ылайык коюлуучу талаптарды сактоо менен "Санарип аймак" АМСтин "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри" функционалдык модулунда жүзөгө ашырылат.
"ММБР" модулун башкаруу, иштетүү, каржылоо тартиби, ошондой эле катышуучуларынын укуктары жана милдеттери "Санарип аймак" АМС жөнүндө жобо менен аныкталат.
10. ММБРди жүргүзүү ага эсепке алуу объекттерин жана алар жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү, эсепке алуу объекттеринин менчик формасы же башка буюмдук укуктары өзгөргөндө эсепке алуу объекттери жана алардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды жаңыртууну билдирет.
11. Муниципалдык менчик объекттерин эсепке алуу ар бир объектке мүлктүн инвентардык номерин ыйгаруу менен коштолот. Муниципалдык мүлктү ММБРде эсепке алуу фактысын ырастаган документ болуп муниципалдык мүлктүн инвентардык номерин жана муниципалдык мүлктү идентификациялоо үчүн жетиштүү болгон башка маалыматтарды камтыган, анын көчүрмөсү берилген датага карата ММБРдеги алардын абалы боюнча ММБРден көчүрмө эсептелет.
3-глава. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестринин түзүмү
12. ММБР төмөнкүлөр жөнүндө бөлүмдөрдөн турат:
- муниципалдык кыймылсыз мүлк;
- муниципалдык кыймылдуу мүлк;
- муниципалдык ишканалар, муниципалдык мекемелер, чарбалык коомдор, шериктештиктер, ЖӨБ органына таандык уставдык капиталдагы акциялар, үлүштөр (салымдар), ЖӨБ органы уюштуруучусу (катышуучусу) болуп саналган башка юридикалык жактар.
13. Муниципалдык кыймылсыз мүлк жөнүндө бөлүмгө муниципалдык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар киргизилет:
1) жер, жер участоктору;
2) имараттар;
3) курулуштар;
4) курулуп бүтө элек объекттер;
5) муниципалдык турак жай фондунун объекттери;
6) кыймылсыз мүлктүн объекттери.
14. Муниципалдык кыймылдуу мүлк жөнүндө бөлүмгө муниципалдык кыймылдуу мүлк жөнүндө маалыматтар киргизилет, ал төмөнкү бөлүмчөлөрдөн турат:
1) транспорт каражаттары:
- суу транспорт каражаты (паромдор, баржалар, дарыя трамвайлары, үйлөмө кайыктар, катерлер ж.б.);
- жүк ташуучу транспорт каражаты (кузов менен бириктирилген жүк ташуучу автомобилдер - борттук жүк ташуучу автомобилдер, фургондор, термофургондор, чиркегич техниканы жана чиркегичтерди сүйрөө үчүн арналган өзү жүрүүчү сүйрөгүчтөр, автопоезддин курамында сүйрөгүч менен чиркелүүгө арналган өздүк кыймылдаткычтары жок чиркегичтер, чиркелме түзүлүшү бар жарым чиркегичтер - тенттелген, борттук, платформалык, тралдар, рефрижераторлор, самосвалдар);
- атайын транспорт каражаты (автомобилдер, мотоциклдер жана оперативдүү кызматтардын автобустары, медициналык тез жардам автомобилдери, шаардык коммуналдык чарбанын машиналары - кар тазалоочу техника, сугат машиналары, таштанды жыйноочу автомобилдер, ири ишканаларда колдонулуучу өндүрүш ичиндеги транспорт);
- жеңил транспорт каражаттары;
2) технологиялык жабдуулар:
- куюучу машиналар;
- станоктор;
- пресс механизмдери;
- сыноо стенддери;
- компьютерлер;
- кеңсе жабдуулары;
- эмерек;
- килемдер жана типтүү буюмдар;
- сейфтер;
- тренажерлор;
3) биологиялык активдер:
- жумушчу мал;
- өндүрүмдүү мал;
4) көрктөндүрүү объекттери:
- көп жылдык көчөттөр;
- отургучтар;
- жолдор;
- тротуарлар;
- балдар аянтчалары;
- чырактар;
5) материалдык эмес активдер:
- жер казынасын чалгындоо жана пайдалуу кендердин запастарын баалоо (капиталдаштырылган);
- илимий-изилдөө иштеринин продукттары;
- компьютердик программалык камсыздоо жана маалымат базалары;
- нускалоо үчүн сатып алынган адабий жана көркөм чыгармалардын түп нускалары;
- автордук укук;
- патенттер;
- лицензиялар;
- соода маркалары;
- гудвиллдер (сатып алынган ишкердик байланыштардын наркы).
15. 3-бөлүмгө муниципалдык ишканалар, муниципалдык мекемелер, чарбалык коомдор, шериктештиктер, ЖӨБ органына таандык болгон уставдык капиталдагы акциялар, үлүштөр (салымдар), ЖӨБ органы уюштуруучусу (катышуучусу) болуп саналган башка юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар киргизилет.
16. ММБРдин 1 жана 2-бөлүмдөрү мүлктүн түрлөрү боюнча топтоштурулат жана мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
ММБРдин 3-бөлүмү юридикалык жактардын уюштуруу-укуктук формалары боюнча топтоштурулат.
4-глава. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби
17. ММБРге объекттерди киргизүү же алып салуу, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чечимдери;
2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери;
3) "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган алмашуу, сатып алуу-сатуу келишимдери, жарандык-укуктук бүтүмдөр жана негиздер.
18. Муниципалдык мүлктү эсепке алууга Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарына ылайык негизги каражаттарга тиешелүү объекттер кабыл алынат.
19. ММБРдеги эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтар бул объекттердин мүнөздөмөлөрүн билдирет жана төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:
1) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жолу менен акысыз негизде алынуучу мамлекеттик органдардын маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын;
2) жарандык-укуктук келишимдердин;
3) көз карандысыз эксперттин баалоосунун;
4) баасын тастыктаган документтердин.
20. Муниципалдык менчик объекттерин эсепке алууда ММБРдин 1-бөлүмүнө төмөнкү маалыматтар киргизилет (тиешелүү графаларда көрсөтүлөт):
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кыймылсыз мүлк бирдиктерине ыйгарылуучу бирдейлештирилген код;
- кыймылсыз мүлктүн аталышы;
- кыймылсыз мүлктүн дареги (жайгашкан орду);
- муниципалдык кыймылсыз мүлктүн кадастрдык номери;
- кыймылсыз мүлктүн физикалык касиеттерин мүнөздөөчү аянты, узундугу жана (же) башка параметрлери;
- кыймылсыз мүлктүн баланстык жана калдык наркы жөнүндө маалыматтар;
- кыймылсыз мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болуу жана токтотуу датасы;
- документтердин реквизиттери - кыймылсыз мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушунун (токтотулушунун) негиздери;
- муниципалдык кыймылсыз мүлктүн укук ээси жөнүндө маалыматтар;
- муниципалдык кыймылсыз мүлккө карата белгиленген чектөөлөр (оорчулуктар) жөнүндө маалыматтар, алардын келип чыгышынын жана токтотулушунун негизин жана датасын көрсөтүү менен;
- муниципалдык менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар;
- пайдаланууга берилген дата (курулушу бүтпөгөн объекттерди кошпогондо);
- мурунку ээси (эгер бар болсо).
Жер участокторуна карата төмөнкү маалыматтар кошумча киргизилет:
- жер категориясы;
- уруксат берилген колдонуу.
21. ММБРдин 2-бөлүмүнө төмөнкү маалыматтар киргизилет (тиешелүү графаларда көрсөтүлөт):
- мүлктүн инвентардык номери, система тарабынан автоматтык түрдө ыйгарылат;
- кыймылдуу мүлктүн аталышы;
- кыймылдуу мүлктүн баланстык жана калдык наркы жөнүндө маалыматтар;
- кыймылдуу мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болуу жана токтотуу датасы;
- документтердин реквизиттери - кыймылдуу мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болуу (токтотуу) негиздери;
- муниципалдык кыймылдуу мүлктүн укук ээси жөнүндө маалыматтар;
- алардын пайда болуу жана токтотуу негизин жана датасын көрсөтүү менен муниципалдык кыймылдуу мүлккө карата белгиленген чектөөлөр (оорчулуктар) жөнүндө маалыматтар.
Транспорт каражаттарына карата ММБРдин 2-бөлүмүнө төмөнкү маалыматтар да киргизилет:
- транспорт каражатынын маркасы, модели;
- идентификациялык номери (VIN);
- транспорт каражатынын паспортунун номери.
22. ММБРдин 3-бөлүмүнө муниципалдык ишканалар, муниципалдык мекемелер, чарбалык коомдор, шериктештиктер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык акциялар, уставдык капиталдагы үлүштөр (салымдар), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу (катышуучу) болуп саналган башка юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар, анын ичинде:
- юридикалык жактын толук аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
- дареги (жайгашкан жери);
- ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун коду (ИУЖК);
- документтин реквизиттери - юридикалык жакты түзүүнүн негиздери (ЖӨБ органынын юридикалык жакты түзүүгө (уставдык капиталга) катышуусу);
- уставдык фонддун өлчөмү (акционердик коомдор үчүн);
- уставдык капиталдагы ЖӨБ органына таандык үлүштүн өлчөмү пайыз менен (чарбалык коомдор жана шериктештиктер үчүн);
- негизги каражаттардын баланстык жана калдык наркы жөнүндө маалыматтар.
23. ММБРдеги маалыматтарды жаңыртуу тарыхы, ММБРден чыгарылган объекттер жөнүндө маалыматтар электрондук архивде сакталат.
24. Жылына бир жолу учурдагы жылдын 31-декабрына чейин менчик ээси тарабынан кийинки жылдын 1-январына карата абал боюнча ММБРде камтылган маалыматтар жаңыртылат.
25. Муниципалдык мүлккө ээ болгон муниципалдык мекемелер, ишканалар жана башка жактар жыл сайын учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө менчик ээсине отчеттук мезгилден кийинки көрсөтүлгөн датага карата абал боюнча менчик ээси менен муниципалдык мүлккө ээлик кылуучулардын ортосунда түзүлүүчү келишимде каралган форма боюнча кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтарды берет.
26. Укук ээлери эсепке алуу объекттери жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды бухгалтердик отчеттуулуктун маалыматтарына ылайык берет жана көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен укук ээсинин балансында турган муниципалдык мүлктү ММБРдеги маалыматтар менен салыштыруу жүргүзүлөт. ММБРдеги маалыматтар менен айырма табылган учурда укук ээлери менчик ээсине ар бир объект боюнча болгон өзгөрүүлөрдү ырастаган документтерди берет.
27. Учурдагы жылдын аягында менчик ээси ушул Тартиптин 3-главасына ылайык бөлүмдөр боюнча ММБРдеги маалыматтарды кагазга түшүрөт.
Кагаз алып жүрүүчүнүн барактарына номер коюлат жана боо өткөрүп бекитилет. Кагаз алып жүрүүчүгө менчик ээси кол коет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Кагаз алып жүрүүчү менчик ээсинин архивинде үч жыл сакталат, андан кийин белгиленген тартипте туруктуу сактоо үчүн архивге өткөрүп берилет.
5-глава. ММБРдеги маалыматтарды берүүнүн тартиби
28. ММБРде камтылган эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтар ачык мүнөзгө ээ болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ар түрдүү кызыкдар жактарга ММБРден көчүрмө же ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу маалыматтарды берүү түрүндө берилет. ММБРдеги маалыматтар акысыз берилет.
29. Менчик ээси "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомдоруна ылайык ММБРге кирүү укуктарынын сакталышын, ошондой эле мамлекеттик жана коммерциялык сырды коргоону камсыз кылат.
30. ММБРдеги маалыматтар кызыкдар жактарга менчик ээси тарабынан төмөнкүдөй түрдө берилет:
1) конкреттүү объект боюнча ММБРден көчүрмөлөр;
2) ММБРде конкреттүү объект жөнүндө маалыматтын жоктугу тууралуу маалымкат.
31. Көрсөтүлгөн маалымат жазуу жүзүндөгү кайрылуунун негизинде берилет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) кыймылсыз мүлк объекти жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн - кыймылсыз мүлк объектинин дареги;
2) кыймылдуу мүлк объекти жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн - көрсөтүлгөн объектти жекелештирүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат.
32. ММБРден маалыматтарды берүү мөөнөтү - 5 күндүн ичинде.
6-глава. ММБРди жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдоо
33. Укук ээлери тарабынан тиешелүү укукта ага таандык болгон эсепке алуу объекттери жөнүндө маалыматтардын толуктугун, аныктыгын жана өз убагында берилишин контролдоо менчик ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.
34. Жыл сайын учурдагы жылдын 1-июлуна чейин менчик ээси мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берет:
1) 1-тиркемеге ылайык форма боюнча отчеттук жылдын 1-январына карата абал боюнча ММБР жөнүндө маалыматтарды;
2) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча отчеттук жылдын 1-январына карата абал боюнча ММБРдеги өзгөрүүлөр жөнүндө жылдык отчетту;
3) 3-тиркемеге ылайык форма боюнча отчеттук жылдын 1-январына карата абал боюнча ММБРге киргизүү үчүн муниципалдык мүлк жөнүндө жаңыртылган маалыматтарды бербеген юридикалык жактардын тизмегин.
35. ММБРди толук, анык жана өз убагында толтурууну контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибине 1-тиркеме
Форма
Отчеттук жылдын 1-январына карата абал боюнча ММБР жөнүндө МААЛЫМАТ
№
Аталышы
Өлчөө бирдиги
Саны
Баштапкы наркы, сом
Баланстык наркы, сом
1-БӨЛҮМ. КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК
1
2
3
1-БӨЛҮМ БОЮНЧА ЖАЛПЫ:
2-БӨЛҮМ. КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК
1
2
3
2-БӨЛҮМ БОЮНЧА ЖАЛПЫ:
3-БӨЛҮМ. ЖӨБ ОРГАНЫ УЮШТУРУУЧУ (КАТЫШУУЧУ) БОЛГОН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР
1
2
3
3-БӨЛҮМ БОЮНЧА ЖАЛПЫ:
ММБР БОЮНЧА БАРДЫГЫ:
Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибине 2-тиркеме
Форма
Отчеттук жылдын 1-январына карата ММБРдеги өзгөрүүлөр жөнүндө жылдык отчет
№
Аталышы
Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушу/токтотулушу (документтин номери жана датасы)
Өлчөө бирдиги
Саны
Баштапкы наркы, сом
Баланстык наркы, сом
1-БӨЛҮМ. КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК
1
2
3
1-БӨЛҮМ БОЮНЧА ЖАЛПЫ:
2-БӨЛҮМ. КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК
1
2
3
2-БӨЛҮМ БОЮНЧА ЖАЛПЫ:
3-БӨЛҮМ. ЖӨБ ОРГАНЫ УЮШТУРУУЧУ (КАТЫШУУЧУ) БОЛГОН ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР
1
2
3
3-БӨЛҮМ БОЮНЧА ЖАЛПЫ:
ММБР БОЮНЧА БАРДЫГЫ:
Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибине 3-тиркеме
Форма
Отчеттук жылдын 1-январына карата абал боюнча ММБРге киргизүү үчүн муниципалдык мүлк жөнүндө жаңыртылган маалыматтарды бербеген юридикалык жактардын ТИЗМЕСИ
№
Укук ээси
Уюштуруу датасы
Ээлик кылуу укугу
Ээлик кылуу укугуна келишимдин номери жана датасы
Келишим боюнча мүлктүн баланстык наркы, сом
Топтолгон амортизация
Маалыматтарды бербөөнүн себеби
1
2
3
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 токтомуна)Положение · 02.09.2022 · № 481
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2017 · № 762
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 42 "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2025 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген…Постановление · 21.11.2017 · № 760 · Күчүн жоготкон