# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 2/7 "Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 2/7 "Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/7
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38152/edition/26438/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 2/7 "Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө" Токтому (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021989

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңештин ХХIX чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2024-жылдын 10-декабры № 2/7

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесине ылайык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун орун басары Ж. Кырбашевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесине ылайык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүүгө Дөбөлү айыл аймагына тиешелүү болгон тик бурчтуу координаттар системасындагы 30 012 га жерлери жалпы элдин маакулдугусуз эч бир жакка өткөрүлүп берилбесин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага

Б. Шералиев
