Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 42 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 11-февралы ПЖ № 42
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги;
2) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги деп кайра аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 5-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“–Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;”.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында “жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү” деген сөздөр алып салынсын;
– 1-пунктта:
он сегизинчи абзацта “, спорт” деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын: «- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги;”.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте:
1) түзүлүүчү мамлекеттик органдардын башкаруу схемаларын жана жоболорун бекитсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери…Постановление · 10.06.2025 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрели № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 17.04.2025 · № 210
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021