Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 34 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 „Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 5 сентября 2025 года № 252 "Об утверждении Порядка формирования и использования Стабилизационного фонда Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-05.
КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2025-жылдын 31-январы ПЖ № 34 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Турукташтыруу фондуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечимдерине ылайык башка кирешелер багытталышы мүмкүн.";
- 11-пунктта "он" деген сөз "он беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Байкоочу кеңеш төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Турукташтыруу фондунун финансылык жана башка инструменттерге инвестициялоого багытталуучу акча каражаттарынын көлөмүн жана саясатын жактыруу;
2) каралуучу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
3) Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын пайдаланылышын жана Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Байкоочу кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша Байкоочу кеңештин төрагасынын же төрага ыйгарым укук берген адамдын жетекчилигинде өткөрүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
"191. Ушул Тартиптин 15-пунктуна ылайык Байкоочу кеңештин функцияларынын алкагындагы маселелерди оперативдүү кароо максатында чечимдер жыйналыштарды өткөрбөстөн, жазуу жүзүндөгү сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 201-пункт менен толукталсын:
"201. Маселелерди жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кароонун жыйынтыгы тиешелүү протоколдор жана Байкоочу кеңештин чечимдери менен таризделет.";
- 23-пунктта "Байкоочу кеңештин сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөр "Байкоочу кеңеш жактырган жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Байкоочу кеңештин же Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Турукташтыруу фондунун каражаттары бюджеттик мыйзамдарга ылайык бюджеттик кредит формасында, ошондой эле кайтарымдуу негизде башка формада белгиленген тартипте берилиши мүмкүн.";
- 37-пунктта "ай сайын" деген сөздөр "квартал сайын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 38-пункт "Байкоочу кеңешке" деген сөздөрдөн кийин "жана Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды коргоону камсыз кылууну эске алып, жыл сайын өзүнүн расмий сайтында Турукташтыруу фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин жарыялайт.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 9 (3665) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” ЖарлыгыУказ · 05.09.2025 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгы менен бекитилди)Порядок · 04.03.2022 · № 70 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” ЖарлыгыУказ · 05.09.2025 · № 252
- КР Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" ЖарлыгыУказ · 04.03.2022 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгы менен бекитилди)Порядок · 04.03.2022 · № 70 · Күчүн жоготкон