# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 787
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-38041/edition/26249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021831

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 24-декабры № 787

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү (тынчтык жана согуш мезгилинде) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алсын жана анын аткарылышын камсыз кылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 "Соттук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

4. Бул токтомду ишке ашыруу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
