Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-ноябры № 248
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Айдаркен шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 8554 шайлоочу киргизилген. Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 3 саясий партия катталган: "Ишеним", "Жаңы Кыргызстан", "Ынтымак". Добуш берүүгө жалпысынан 1810 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 21,04% түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 9 шайлоочу катышты. Айдаркен шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 3 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: "Ишеним" - 623 добуш (35,02%) - 7 мандат; "Жаңы Кыргызстан" - 727 добуш (40,8%) - 9 мандат; "Ынтымак" - 407 добуш (22,8%) - 5 мандат. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык:
- 5 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.
Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жана Айдаркен шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү…Указ · 06.09.2024 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрыylfus № 136 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан…Постановление · 23.09.2024 · № 136
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 23.09.2024 · № 136