# Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-1 "Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин регламентин бекитүү" Токтому

- Толук аталышы: Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-1 "Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин регламентин бекитүү" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2-1
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021766>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37989/edition/26166/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-1 "Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин регламентин бекитүү" Токтому (16.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021766

---

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясы

2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-1

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин регламентин бекитүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы №80 токтомунун “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүктөрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын” 2-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого ылайык, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынынжергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясында типтүү регламенти каралып жана талкууланды, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин типтүү

регламенти (тиркеме тиркелет) алымча –кошумчасы менен бекитилсин.

2. Жергиликтүү Кеӊешинин иши мыйзамга ылайык регламенттин негизинде

жүргүзүлсүн.

3.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине

киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага А.Ш.Кыштобаев
