Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин «Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин регламентин бекитүү» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясы
2024-жылдын 16-декабрындагы № 2-1
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин регламентин бекитүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы №80 токтомунун “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүктөрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын” 2-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого ылайык, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынынжергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясында типтүү регламенти каралып жана талкууланды, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин типтүү
регламенти (тиркеме тиркелет) алымча –кошумчасы менен бекитилсин.
2. Жергиликтүү Кеӊешинин иши мыйзамга ылайык регламенттин негизинде
жүргүзүлсүн.
3.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине
киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз…Постановление · 15.11.2021 · № 258
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы…Постановление · 22.02.2024 · № 80