# Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 13-сентябрындагы №11 «Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен” , “Ак-Жол” “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 13-сентябрындагы №11 «Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен” , “Ак-Жол” “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021765>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37988/edition/26165/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 13-сентябрындагы №11 «Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен” , “Ак-Жол” “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө» токтому (13.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021765

---

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын

2024-жылынын 13-сентябры №11

«Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен” , “Ак-Жол” “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө өткөрүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февраль №52 токтому жана 2024-жылдын 29-апрель № 207 токтомунун негизинде “Жаңы-Арык”, “Ношкен”, “Ак-Жол”, “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясын (СПА) Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунуш кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февраль №52, 2024-жылдын 29-апрель № 207 токтомдору аткарууга алынсын.

2.Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы “Жаңы-Арык”, “Ношкен”, “Ак-Жол”, “Ак-Шар” суу пайдалануучу ассосациясынын карамагындагы бетон, жер арыктар жалпы ички арыктары Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп алынсын.

3.Өткөрүлүп алынган ички арыктар Ноокен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов
