# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37955/edition/26117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (31.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021713

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 31-январы № 46 Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 12-пунктуна жана 69, 74-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 566 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 04-февралындагы № 8 (3664) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
