# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37873/edition/25951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (29.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021608

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-январы № 43

Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө

Токой чарбасын жана токой пайдаланууну сарамжалдуу жүргүзүүнү, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлорун, анын ичинде мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду натыйжалуу коргоону, сактоону жана өстүрүүнү камсыздоо, ошондой эле бул чөйрөдө бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18, 84-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 8 (3664) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
