# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-январындагы ПЖ № 23 "Балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-январындагы ПЖ № 23 "Балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021573>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10818/edition/25919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021573.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-январындагы ПЖ № 23 "Балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө" Жарлыгы (29.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021573

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 29-январы ПЖ № 23

Балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын ар тараптуу коргоону камсыз кылуу, катаал мамиле, зомбулук, теңсинбөө учурларына өз убагында чара көрүү жана алардын алдын алуу максатында, ошондой эле баланын эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуунун фундаменталдуу принциптерине таянуу менен ар бир баланын жашоосунун коопсуз шарттарын түзүү жана өнүгүүсү үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Мамлекеттик коргоого муктаж болгон балдарды социалдык коштоону жүзөгө ашыруу үчүн 2025-жылдын 1-февралынан тартып социалдык кызматкерлердин 550 штаттык бирдиги киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын жана ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн жыл сайын республикалык бюджетте каражаттарды карасын;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-янвраындагы № 7 (3663) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
