Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Эл аралык документтердин долбоорлору жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 25-январы № 29-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча административдик макулдашуунун долбооруна 2-тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
1-тиркеме
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталат), Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуп, пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча башка төлөмдөргө укукту кошуп, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) "мыйзамдар" төмөнкүлөрдү билдирет
Кыргыз Республикасына карата - ушул Макулдашуунун колдонулушу жайылтылуучу социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасына тийиштүү мыйзамдарды, токтомдорду, нускамаларды жана башка ченемдик укуктук актыларды (2-берененин 1-пунктунун (а) пунктчасы) жана Кытай Эл Республикасына карата - ушул Макулдашуунун колдонулушу жайылтылуучу социалдык камсыздандыруу системасына тиешелүү мыйзамдарды, административдик, министрликтердин жана жергиликтүү токтомдорду жана эрежелерди, ошондой эле башка укуктук актыларды (2-берененин 1-пунктунун (b) пунктчасы); (b) "Ыйгарым укуктуу орган" төмөнкүлөрдү билдирет Кыргыз Республикасына карата - Социалдык фондду жана Кытай Эл Республикасына карата - Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигин; (c) "Компетенттүү орган" төмөнкүлөрдү билдирет Кыргыз Республикасына карата - Социалдык фондду жана Кытай Эл Республикасына карата - Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин Социалдык камсыздандыруу башкармалыгын же аталган министрлик дайындаган башка органдарды; (d) "аймак" төмөнкүлөрдү билдирет Кыргыз Республикасына карата "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана тиешелүү мыйзамдардын, ченемдик актылардын колдонулушу жайылтылган аймакты жана Кытай Эл Республикасына карата "Социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кытай Эл Республикасынын Мыйзамынын жана тиешелүү мыйзамдардын, ченемдик актылардын колдонулушу жайылтылган аймакты; (e) "пенсия" 2-беренеде көрсөтүлгөн мыйзамдарга ылайык колдонулуучу бардык көбөйүүлөрдү же жогорулатууларды кошуп, акчалай төлөөнү билдирет;
f) "багуусундагылар" - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык аныкталган же ошондой деп таанылган адамдар;
g) "бенефициарлар" - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык пенсия алууга укугу бар адамдар.
2. Ушул беренеде аныкталбаган кандай болбосун термин тиешелүү Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарында бекитилген мааниге ээ.
2-берене. Мыйзамдарды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Макулдашуу социалдык камсыздандыруунун төмөнкүдөй схемаларына тиешелүү мыйзамдардын жоболоруна карата колдонулат:
(а) Кыргыз Республикасына карата, (i) республикалык бюджеттен кепилдиктерди эсепке албастан жаш курагы, майыптыгы, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча камсыздандыруу; (b) Кытай Эл Республикасына карата, (i) кызматкерлерди карылык боюнча базалык камсыздандыруу жана (ii) шаар жана айыл тургундары үчүн карылык боюнча базалык камсыздандыруу.
2. Ушул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мыйзамдарды өзгөрткөн, толуктаган, консолидациялаган же алмаштырган мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга да колдонулат. Бирок ушул Макулдашуу социалдык камсыздандыруунун жаңы системасын түзүүгө багытталган кандайдыр бир оңдоолорго карата колдонулбайт, буга Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ошол оңдоону колдонуу жөнүндө чечимди биргелешип кабыл алган учурлар кирбейт.
3-берене. Материалдык колдонуу жааты Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын биринин же экөөнүн тең мамлекетинин мыйзамдарынын колдонулушуна катышы болгон же катышы бар кандай болбосун адамга жана кандай болбосун Макулдашуучу Тараптардын мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ошол адамдан укук алган кандай болбосун адамга карата колдонулат. 4-берене. Бирдей укуктар Эгерде ушул Макулдашууда башкасы каралбаса, 3-беренеде көрсөтүлгөн бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин адамдары башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашаган мезгилде ошол Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын колдонууда анын жарандарындай эле бирдей милдеттенмелерге жана укуктарга ээ болот. 5-берене. Пенсияларды эсептөө жана төлөө
1. Пенсияны, анын ичинде сөөк коюуга жөлөкпулду, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияны эсептөө жана төлөө ошол адам тийиштүү түрдө ушул пенсияларды алган Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Эгерде ушул Макулдашууда башкасы көрсөтүлбөсө, Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин мыйзамдарында каралган төлөмдөр бенефициар башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында же үчүнчү мамлекеттин аймагында жашап жатат деген факттын негизинде эч кандай азайтууга, токтотууга, алып коюлууга же конфискацияланууга жатпайт.
3. 3-беренеде эске алынган, Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин мыйзамдарына ылайык пенсия алган адам Макулдашуучу Тараптардын биринин же экөөнүн тең мамлекетинде социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды бир учурда алууга укуктуу.
6-берене. Төлөм валютасы Ушул Макулдашууга ылайык пенсияларды төлөө операциялар жүзөгө ашырылган Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин валютасында жүргүзүлөт. 7-берене. Жалпы жоболор Эгерде ушул Макулдашууда башкасы көрсөтүлбөсө, бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында иштеген жалданган же өз алдынча иштеген адамга бул ишке карата ушул Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин гана мыйзамдарынын колдонулушу жайылтылат. 8-берене. Иш сапарга жиберилген адамдар
1. Бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жалданган адам ошол аймакта коммерциялык ишканасы бар иш берүүчү тарабынан бул иш берүүчүгө кызмат көрсөтүү үчүн жалдануу боюнча ушул иштин контекстинде экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагына иш сапарга жиберилген учурда, бул ишке карата кызматкерге биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында дагы эле иштеп жаткандай биринчи 24 айдын ичинде биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары гана колдонулат.
2. Эгерде иш сапар ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин дагы улантылса, ал пунктта эскертилген биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын жана компетенттүү органдарынын макулдугу болгон шартта жалпысынан 60 айдын ичинде колдонула берет. Андан ары мындай колдонуу жол-жоболору эки Макулдашуучу Тараптын тең ыйгарым укуктуу органдары же компетенттүү органдары тарабынан биргелешип аныкталат.
9-берене. Өз алдынча иштеген адамдар Эгерде өз алдынча иштеген адам мыйзамдуу негизде ишти аткаруу үчүн бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагынан башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагына барса, ал адамга карата биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында өз алдынча иштеген катары 24 айдын ичинде биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары гана колдонулат. Эгерде көрсөтүлгөн адамдын экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында иштеген мезгили 24 айдан ашса, эгерде эки Тараптын ыйгарым укуктуу органдары же компетенттүү органдары тарабынан макулдашылган болсо, биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарынын максималдуу колдонуу мөөнөтү жалпысынан 60 айды түзөт. 10-берене. Деңиз кемелеринин жана аба кемелеринин бортундагы кызматкерлер
1. Бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин желеги астында сүзүп жүргөн деңиз кемесинин бортунда иштеген адамга ошол Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин гана мыйзамдары колдонулат. Бирок, эгерде бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашаган адам экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин желеги астында сүзүп жүргөн деңиз кемесине иштөө үчүн жөнөтүлсө, ал адамга биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында иштеген катары биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары колдонулат.
2. Аба кемесинин экипажынын мүчөсү катары ишке карата эки Макулдашуучу Тараптын мамлекеттеринин мыйзамдары жайылтылган адамга бул ишке карата ошол адам жашаган Макулдашуучу Тараптын гана мамлекетинин мыйзамдарынын колдонулушу туура келет.
11-берене. Эл аралык транспорт ишканаларынын персоналы
1. Ушул Макулдашуунун 8-беренесинде көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо, жалдануу боюнча же өз эсебинен автомобиль, темир жол, аба же деңиз транспорту менен жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу жана Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында катталган кеңсеси бар ишкананын персоналы ишкананын катталган кеңсеси жайгашкан Макулдашуучу Тараптын гана мамлекетинин мыйзамдары колдонулат.
2. Өзүнүн катталган кеңсеси болгон жерден айырмаланган Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында уюштурулган филиалда же туруктуу өкүлчүлүктө иштеген адамга аймагында ушундай филиал же туруктуу өкүлчүлүк ачылган Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарынын колдонулушу гана жайылтылат.
12-берене. Мамлекеттик кызматкерлер Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинде мамлекеттик кызматчылар жана ушундай деп эсептелген адамдар экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагына жиберилген учурда, биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында иштегендей эле биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин гана мыйзамдары колдонулат. 13-берене. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери Бул Макулдашуу 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболорун козгобойт. 14-берене. Алып салуулар Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары же компетенттүү органдары кайсы бир каралып жаткан адамга Макулдашуучу Тараптын кайсынысынын болбосун мамлекетинин мыйзамдарынын колдонулушу жайылтылган шартта конкреттүү адамдарга карата 7-11-беренелеринин жоболорунан алып салуулар тууралуу макулдашса болот. 15-берене. Жүзөгө ашыруу механизмдери
1. Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары административдик макулдашуу түзүшөт, анда ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чаралар баяндалат.
2. Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Макулдашууну жүзөгө ашырууга таасир этиши мүмкүн болгон мыйзамдарындагы кандай болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине маалымдайт.
3. Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн байланыштыруучу органдарды дайындайт:
(a) Кыргыз Республикасына карата Социалдык фонд жана (b) Кытай Эл Республикасына карата Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин социалдык камсыздандыруу башкармалыгы. 16-берене. Маалымат алмашуу жана өз ара жардам Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп катары Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары же компетенттүү органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында бири-бирине акысыз жана тиешелүү мыйзамдарында жол берилген чектерде ар кандай маалымат жана өз ара жардам беришет. 17-берене. Сертификаттарды берүү Ушул Макулдашуунун 8, 9, 10, 11, 12, 14-беренелеринде баяндалган жагдайларда анын мамлекетинин мыйзамдары колдонулуп жаткан Макулдашуучу Тараптын компетенттүү органы суроо-талап боюнча тиешелүү ишке орношуу сертификатын берет, анда кызматкердин ушул мыйзамдарга ылайык келе тургандыгы көрсөтүлөт жана сертификатта ал жарактуу болгон мезгил жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. 18-берене. Маалыматтын купуялуулугу
1. Бир Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органы же компетенттүү органы өз мамлекетинин мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык экинчи Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органына же компетенттүү органына анын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жеке жак жөнүндө топтолгон маалыматтарды ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жиберет.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык бир Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органына же компетенттүү органына экинчи Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органы же компетенттүү органы берген жеке жак жөнүндө маалыматтар жашыруун жана ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу максатында гана пайдаланылат.
3. Макулдашуучу Тараптардын ортосунда жеке маалыматтарды берүү, ошондой эле мындай жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо мыйзамдуу, адилеттүү жана ачык-айкын жүзөгө ашырылууга жана ушул Макулдашууну аткаруу максаты менен гана чектелүүгө тийиш. Макулдашуучу Тараптар маалыматтардын толуктугун камсыз кылуу жана коопсуздугун колдоо, маалыматтарды мыйзамсыз алуудан, жок кылуудан жана жоготуудан коргоо боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.
19-берене. Байланыш тили жана аутентификация
1. Ушул Макулдашууну жүзөгө ашырууда Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары же компетенттүү органдары бири-бири менен англис тилинде байланышат.
2. Документтер экинчи Макулдашуучу Тараптын расмий тилинде түзүлгөндүгүнүн негизинде гана бир Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органы же компетенттүү органы тарабынан четке кагылышы мүмкүн эмес.
3. Ушул Макулдашууга ылайык берилүүгө тийиш болгон документтер, өзгөчө сертификаттар аныктыгын кандайдыр бир текшерүү же башка ушул сыяктуу формалдуулук жөнүндө талаптардан бошотулат.
20-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар Макулдашуучу Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын же компетенттүү органдарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет. Эгерде талаш-тартыштар белгилүү бир мезгилдин ичинде чечилбесе, алар дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет. 21-берене. Дооматтарды жана апелляцияларды берүү
1. Макулдашуучу Тараптардын кайсынысынын болбосун мамлекетинин мыйзамдарына ылайык бул Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органына же компетенттүү органына же байланыштыруу органдарына белгиленген мөөнөттүн ичинде берилүүгө тийиш болгон ар кандай доомат же апелляция ошол эле мөөнөттүн ичинде экинчи Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органына же компетенттүү органына же байланыштыруу органдарына берилиши мүмкүн.
2. Ушул Макулдашууга же Макулдашуучу Тараптардын кайсынысынын болбосун мамлекетинин мыйзамдарына ылайык бир Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органына же компетенттүү органына же байланыштыруу органына берилген ар кандай доомат же апелляция экинчи Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу органына же компетенттүү органына же байланыштыруу органына берилди деп эсептелет.
3. Ушул берененин 1, 2-пункттарында белгиленген учурларда дооматтарды жана апелляцияларды алуучу мекемелер 15 жумуш күндүн ичинде дооматтарды жана апелляцияларды экинчи Макулдашуучу Тараптын мекемелерине түздөн-түз же байланыштыруу органдары аркылуу жиберүүгө тийиш.
22-берене. Өткөөл жоболор
1. Ушул Макулдашуу ал күчүнө киргенге чейинки кайсы бир мезгилдин ичинде пенсияларды алууга эч кандай укуктарды бербейт.
2. Ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн кандай болбосун камсыздандыруу мезгили ушул Макулдашуудан келип чыгуучу укуктарды аныктоо максатында эсепке алынууга тийиш.
3. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген датага чейин бир Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында иштеген адамдарга карата 8 жана 9-беренелер колдонулганда ушул Макулдашуу күчүнө кирген дата бул эки беренеде көрсөтүлгөндөй биринчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын колдонуу мезгилине баштапкы чекит болуп эсептелет.
23-берене. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү Макулдашуучу Тараптардын экөөнүн тең өз ара макулдугу менен ушул Макулдашуу өзгөртүлүшү жана/же ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана Макулдашуунун өзү менен бирдей колдонуу мөөнөтүндөгү өзүнчө протокол менен толукталышы мүмкүн. 24-берене. Күчүнө кирүүсү Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган датадан тартып токсонунчу (90) күнү күчүнө кирет. 25-берене. Колдонуу мезгили жана колдонууну токтотуу Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу Тараптардын биринин аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү кабарламасын алган датадан тартып он экинчи айдын акыркы күнүнө чейин колдонулат. Жогоруларды күбөлөндүрүү менен, тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөнкүлөр ушул Макулдашууга кол койду.
Макулдашуу 20___-жылдын "____" ________________ __________________ шаарында ар бири кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кандайдыр бир пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн
2-тиркеме
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча АДМИНИСТРАТИВДИК МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жана Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу органы ____-жылдын "____" ________________ _________________ шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну (мындан ары "Макулдашуу" деп аталат) ишке ашыруу максатында, Макулдашуунун 15-беренесинин 1-пунктуна ылайык төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Аныктамалар Ушул Административдик макулдашууда колдонулуучу каалаган терминдин мааниси Макулдашуудагы терминдердей мааниге ээ. 2-берене. Байланыштыруучу органдар Макулдашуунун 15-беренесинин 3-пунктуна ылайык байланыштыруучу органдар катары төмөнкү уюмдар дайындалган: (a) Кыргыз Республикасына карата - Социалдык фонд; (b) Кытай Эл Республикасына карата - Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин Социалдык камсыздандыруу башкармалыгы. 3-берене. Камсыздандыруу жөнүндө сертификат
1. Макулдашуунун 8, 9, 10, 11, 12, 14-беренелеринде көрсөтүлгөн учурларда мамлекетинин мыйзамдары колдонулган Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органы Макулдашуунун 17-беренесине ылайык сертификаттын датасын жана колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен эки нускада камсыздандыруу жөнүндө сертификат берет. Бул сертификат кызматкердин башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарынан бошотулгандыгына далил катары колдонулат.
2. Эгерде эки Макулдашуучу Тараптын тең байланыштыруучу органдары мындай чечим кабыл алса, ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн сертификатты берген бир Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органы экинчи Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органына сертификаттын көчүрмөсүн же сертификатта камтылган маалыматты берет.
4-берене. Арыз берүү жол-жоболору
1. Бошотуу жөнүндө арыз берүү жол-жобосу
Макулдашуунун 8, 9-беренелерине ылайык баштапкы бошотуу жөнүндө арыз берүү жол-жобосу Макулдашуучу Тараптардын байланыштыруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Бошотуунун колдонуу мөөнөтүн 24 айдан ашык узартуу жөнүндө арыз баштапкы бошотуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурун берилүүгө тийиш. Макулдашуучу Тараптардын байланыштыруучу органдары ушул берененин 2-пунктунда каралган жол-жоболорго ылайык бошотуу мөөнөтүн узартуу керектигин же жоктугун бирге чечишет.
2. Макулдашуунун 8, 9-беренелерине ылайык алып салууну узартуу жана 14-беренесине ылайык алып салуулар.
Арыз берүү жол-жобосун демилгелеген бир Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органы экинчи Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органына тиешелүү маалымат берет. Биринчи Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органы эки Макулдашуучу Тараптын тең ыйгарым укуктуу органдарынын же байланыштыруучу органдарынын биргелешкен чечимине ылайык кызматкерге сертификат берет. 5-берене. Жазуу жүзүндө арыз берүү Макулдашууга кирген адамдар Макулдашуу боюнча пенсия чектөөгө өз арыздарын ушул Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында аныкталган жол-жоболорго ылайык пенсияга билдирилген укугу алынган байланыштыруучу органдарга берет. Арыз ээси пенсияга укугун аныктоо үчүн байланыштыруучу органга зарыл маалыматтарды же документтерди берүүгө тийиш. Эгерде адам арыз берүүдө кыйынчылыктарга туш болсо, эки Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органдары ага жардам берүүгө тийиш. 6-берене. Пенсия төлөө
1. Компетенттүү органдар же байланыштыруучу органдар Макулдашуунун 2-беренесинде аныкталган мыйзамдарга ылайык чектелген пенсияны Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө түздөн-түз төлөп берет.
2. Компетенттүү органдар же байланыштыруучу органдар Макулдашууга кирген адамдардын пенсия төлөө менен, анын ичинде пенсия төлөө жана ашык төлөнгөн суммасын кармап калуу жөнүндө чечимдерге каршы каалаган арыз ээсинин пикири менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн өз аракеттерин координациялайт.
7-берене. Формалар жана толук жол-жоболор
1. Эки Макулдашуучу Тараптын тең байланыштыруучу органдары ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте Макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты берүүнүн формалары жана толук жол-жоболор жөнүндө чечим кабыл алышат.
2. Кабыл алынган жана ушул Административдик макулдашууга тиркелген формалар анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. Формадагы каалаган өзгөртүү ушул Административдик макулдашуунун жарактуулугуна таасирин тийгизбейт жана өзгөртүү киргизүү талап кылынгандан кийин дароо эки Макулдашуучу Тараптын тең байланыштыруучу органдары тарабынан ушул Административдик макулдашууну өзгөртпөстөн кабыл алынат.
8-берене. Статистикалык маалыматтарды алмашуу
1. Эки Макулдашуучу Тараптын тең байланыштыруучу органдары жыл сайын 1-мартка чейин ушул Административдик макулдашуунун 3-беренесинин 1-пунктуна жана 6-беренесине ылайык өткөн жылдын ичинде төлөнгөн пенсиялар жана берилген сертификаттар жөнүндө статистикалык маалыматтарды эки Макулдашуучу Тараптын тең байланыштыруучу органдары тарабынан кабыл алынган формаларда алмашып турат.
2. Сертификаттын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде, эгерде сертификатта кандайдыр бир маалымат өзгөрсө (мисалы, эгерде ал ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин аймактан чыгып кетсе же иштеген жеринин дарегин өзгөртсө), жөнөтүүчү өлкөнүн байланыштыруучу органы кабыл алуучу өлкөнүн байланыштыруучу органына жазуу жүзүндө дароо маалымдайт, ал электрондук түрдө иштетилиши мүмкүн.
3. Жеке жакка тиешелүү жана бир Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органы тарабынан экинчи Макулдашуучу Тараптын байланыштыруучу органына берилүүчү каалаган маалыматтарга Макулдашуунун 18-беренесинин жоболору жайылтылат. Байланыштыруучу органдар эки Макулдашуучу Тарапта тең зарыл болгон укуктук жана техникалык талаптар сакталган учурда электрондук маалыматтар менен алмашат.
9-берене. Административдик жардам
1. Макулдашууну жана ушул Административдик макулдашууну ишке ашыруу үчүн суралган административдик жардам, бул эки Макулдашуучу Тараптын тең ыйгарым укуктуу органдары жана байланыштыруучу органдары менен макулдашылгандан башка учурларды кошпогондо, акысыз көрсөтүлөт.
2. Зарыл болгон учурда эки Макулдашуучу Тараптын тең ыйгарым укуктуу органдарынын жана байланыштыруучу органдарынын өкүлдөрү Макулдашууну аткарууга байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн алар макулдашкан жерде жолугушат.
10-берене. Күчүнө кирүү, колдонууну токтотуу, толуктоолор жана түзөтүүлөр
1. Ушул Административдик макулдашуу Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып күчүнө кирет жана Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде колдонулат.
2. Ушул Административдик макулдашууга толуктоолор же өзгөртүүлөр эки Макулдашуучу Тараптын тең ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча киргизилиши мүмкүн. Бирок ыйгарым укуктуу органдар бул Административдик макулдашууну өзгөртпөстөн, байланыштыруучу органдардын аталыштарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлай алат.
11-берене. Юридикалык милдеттенмелер Бул Административдик макулдашуу Макулдашуунун жана Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү мыйзамдарынын алкагында гана жүзөгө ашырылат жана Макулдашуу менен эки Макулдашуучу Тараптын тең мамлекеттеринин тиешелүү мыйзамдарынын алкагынан чыккан кандайдыр бир жаңы юридикалык милдеттенмелерди түзүүгө багытталган эмес.
Макулдашууга __________________ _______-жылдын "____" ________________ кол коюлган, эки нускада, ар бири кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы үчүн
Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу органы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ о консульских сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1408-XII)Конвенция · 24.04.1963
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ № 1138 о дипломатических сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1407-XII)Конвенция · 18.04.1961