# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 38 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 38 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10817/edition/25916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 38 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы (03.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021569

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 3-февралы ПЖ № 38

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп кайра аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

– бул Жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизсин;

– бул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучу, финансылык жана башка зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 9 (3665) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
