Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 38 «Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 3-февралы ПЖ № 38
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп кайра аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
– бул Жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизсин;
– бул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучу, финансылык жана башка зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 9 (3665) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-марты № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө"…Постановление · 10.03.2025 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 26-майы № 5-д "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын…Приказ · 26.05.2026 · № 5-д
- Кыргызстанда Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлдүУказ · 04.02.2025
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021