# Кош-Дөбө айыл аймактык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41 "Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кош-Дөбө айыл аймактык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41 "Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/41
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37828/edition/25886/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кош-Дөбө айыл аймактык айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41 "Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (01.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021542

---

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/41

Кош-Дөбө айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:

1. Кош-Дөбө айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.

2. Аталган мыйзамдын негизинде айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын чогулушун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Н.Узбековага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБдин башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.

Төрага

Б.Казиев
