# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021528>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37820/edition/25874/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021528.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (26.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021528

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 839 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-январы № 41

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу процессин натыйжалуу жөнгө салууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71, 111-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибинде:

- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Жайгаштырылган убактылуу бош акча каражаттарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтаруу шарттары жайгаштыруу жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 7 (3663) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
