# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Конституционный Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021527>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021527/edition/25873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021527.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы (31.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021527

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 2025-жылдын 31-январы № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

21-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталуучу экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды берүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашууга же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылуучу отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну кошпогондо, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары сом менен жана чет өлкөлүк валютанын курсуна байланыштырбастан көрсөтүлүүгө тийиш.".

2-берене

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 8 (3664) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 26-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
