# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т (Мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын даярдоо максатында тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т (Мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын даярдоо максатында тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 58-р
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19428/edition/25868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т (Мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын даярдоо максатында тууралуу) тескемеси (12.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021523

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2025-жылдын 4-февралы № 58-т Мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары –ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:

1) ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурсун;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлоруна республикалык сынак (мындан ары – Сынак) жарыяласын;

3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун талкуулоого коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылсын;

4) Сынакка келип түшкөн долбоорлорду ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин;

5) Сынактын байге фонду үчүн акча каражатын бөлүп берсин.

4. Ведомстволор аралык комиссия алгачкы үч мыкты долбоорду 2025-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т тескемесинин редакциясына ылайык)

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Иманкулов Марат Муканович

\-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Мамбеталиев Мирбек Кемелович

\-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Зулпуев Саидбек Мейраждинович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Рустамбек уулу Советбек

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ишеним" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Акаев Жанарбек Кубанычович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Альянс" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Бердиев Аккулу Тагаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Раимбачаева Винера Калыбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Марипов Бакытбек Асамидинович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Мекенчил" депутаттык тобунан (макулдашуу боюнча);

Самаков Кубанычбек Карганбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Элдик" депутаттык тобунан (макулдашуу боюнча);

Маткеримов Айбек Тураталиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Социалдык саясат боюнча комитетинен (макулдашуу боюнча);

Мураталиев Мелис Казакбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

Чынгышев Турсунбек Чынгышевич

\-

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри;

Матубраимов Алманбет Матубраимович

\-

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы;

Арабаев Чолпонкул Исаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мамлекет жана укук институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Россия юридикалык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи;

Акматалиев Абдылдажан Амантурович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик;

Тиленчиев Карагул Амантурович

\-

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы хормейстери, Кыргыз Республикасынын эл артисти;

Осмонов Медет Марифович

\-

"Манас" президенттик камералык оркестринин көркөм жетекчиси, композитор, дирижер;

Тентимишов Урмат Кожобекович

\-

Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси;

Үметалиева Чынар Темиркуловна

\-

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, музыка таануучу, маданият таануунун доктору;

Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, музыкант;

Саламатов Тимур Сагынбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка сынчысы, композитор;

Осмоналиев Рахатбек Муталипович

\-

А.Джумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти;

Казаков Түгөлбай Токтогулович

\-

Кыргыз Республикасынын Музыка ишмерлер союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор;

Эралиева Каныкей Иманалиевна

\-

обончу-композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти;

Алсаитова Динара Аалиевна

\-

музыка таануучу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыкалык-теориялык дисциплиналар кафедрасынын доценти;

Мусаев Сыртбай Жолдошович

\-

филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;

Тиллебаев Садык Алаханович

\-

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, адабият таануучу;

Акматбекова Сагын

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл акыны;

Мамазаирова Меңди

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл акыны;

Ажыканова Элмира Асанбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;

Акбаров Атантай

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Кызмат орду боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.
