# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелинин ПЖ № 111 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелинин ПЖ № 111 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021479/edition/25820/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелинин ПЖ № 111 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (30.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021479

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 111

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Авариялык жана бузулууга тийиш деп белгиленген тартипте таанылган социалдык инфраструктура объекттерин андан ары колдонуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт "үлүштөрүнүн өлчөмдөрүнө карабастан," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган жана авариялык жана бузулууга тийиш деп белгиленген тартипте таанылган объекттерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
