# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37726/edition/25675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021381

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 17-январы № 24 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:

- 17-пункт "Тарых, архитектура" деген сөздөрдөн кийин "(жоготту)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 18-пункт "Архитектура" деген сөздөн кийин "(жоготту)" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
