# Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 7-декабрындагы № 3-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 7-декабрындагы № 3-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3-нпа
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37662/edition/25555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 7-декабрындагы № 3-ЧУА "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө" токтому (07.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021270

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 7-декабры № 3-ЧУА

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө» токтомуна жана Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык токтом кылам:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 - тиркемелерге ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти:

- ушул токтом менен бекитилген жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин жетекчиликке алсын жана сактасын;

- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин маалыматтык стенддерге жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында жайгаштырсын;

- бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин сакталышы үчүн жетекчилерге жеке жоопкерчиликтерди жүктөсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мэрдин биринчи орун басары, мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу

М.К. Байгончоков
