Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-декабры № 3-ЧУА
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө» токтомуна жана Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 - тиркемелерге ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти:
- ушул токтом менен бекитилген жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин жетекчиликке алсын жана сактасын;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин маалыматтык стенддерге жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында жайгаштырсын;
- бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин сакталышы үчүн жетекчилерге жеке жоопкерчиликтерди жүктөсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мэрдин биринчи орун басары, мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу
М.К. Байгончоков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү…Постановление · 03.04.2019 · № 97
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139 · Күчүн жоготкон