6-берене
Күчүндө · 15.01.2025 редакциясы
1. Корголгон беренелер ("Эмгек акы", "Социалдык фондго төгүмдөр", "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу", "Тамак-аш продуктуларын сатып алуу", "Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар", "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар", "Стипендиялар"), ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринин учурдагы гранттары ("Социалдык фондго трансферттер" жана "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер") боюнча чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
2. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашырсын.
4. Мамлекеттик органдардын сатып алууларынын пландары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө бекитилүүгө тийиш.
Берененин тексти 15.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021268/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>