# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021268)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021268/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5475/edition/25554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021268/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 5-берене (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021268/st-5

---

1. 2025-2027-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 8-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Капиталдык салымдарды каржылоого 2025-жылы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 10000000,0 миң сом суммасында бекитилсин жана артыкчылыгын эске алуу менен алар 2025-жылга бекитилген тизмеге ылайык социалдык-экономикалык объекттерди, ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын, ирригациялык курулмаларды, автомобиль жолдорун, улуттук коопсуздук, укуктук тартип, куралдуу күчтөрдүн объекттерин жана стратегиялык маанидеги объекттерди долбоорлоону, курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону аяктоого/улантууга жумшалсын.

3. 2026-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын пландык көлөмү 10000000,0 миң сом, 2027-жылы - 10000000,0 миң сом суммасында бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык, табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 50000,0 миң сом жумшалсын.

5. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине белгиленген тартипке ылайык бюджеттик кредит берүүгө 25400,0 миң сом жумшалсын.

6. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2025-жылы - 1500000,0 миң сом, 2026-жылы - 1500000,0 миң сом, 2027-жылы - 1500000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021268/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021268/st-6)
