# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021268)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021268/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5475/edition/25554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021268/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 12-берене (15.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021268/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү чыгашалардын 2210705,1 миң сом жалпы суммасында 13-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2026-2027-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин пландык өлчөмдөрү 13-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Теңдөөчү трансферттердин каражаттары корголгон беренелерди, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде көмүр сатып алууну артыкчылыктуу тартипте каржылоого жумшалат.

4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо, анын ичинде көмүр сатып алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик алат.

5. 2025-жылга республикалык бюджетте "Социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу жана башка иш-чаралар" бөлүмүндө 3000000,0 миң сом суммасында андан ары максаттуу трансферттер түрүндө бөлүү менен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын бөлүгүн жабууга, 2026-жылга - республикалык бюджеттен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашаларды толук каржылоого каражаттар каралсын.

6. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле финансылык каражаттар болгондо, жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат;

- Баткен облусун кошпогондо, жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын күтүүгө, анын ичинде алардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө фонду боюнча, чыгашаларды каржылоо жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021268/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021268/st-13)
