10-берене
Күчүндө · 15.01.2025 редакциясы
1. 2025-2027-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери төлөөчү киреше салыгы - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 90 пайыз, республикалык бюджетке 10 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай, газ) кошпогондо - кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз, республикалык бюджетке - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
5) патенттин негизиндеги салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
6) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
7) майнингге салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
8) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
9) оюн-зоок ишине салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
10) өзгөчө режимдеги соода аймактарындагы ишке салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
11) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке 93 пайыз өлчөмүндө;
12) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке 80 пайыз өлчөмүндө.
2. Жаппы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык түшүүлөрүнүн суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга тийиш эмес.
Берененин тексти 15.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021268/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>