# 5-берене

- Документ: [Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021241)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 17 "Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021241/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5474/edition/25509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021241/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021241/st-5

---

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, диний ишмерлер, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайланууга укуксуз.»;

2) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 141-бөлүк менен толукталсын:

«141. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматтарды колдонууга жана жайылтууга жол берилбейт.».

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021241/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021241/st-6)
