# 3-берене

- Документ: [Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-январындагы № 28 "Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5473/edition/25496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021237/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-3

---

"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 128-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Коммерциялык сырдын объекттерине төмөнкүлөр кирбейт:

а) уюштуруу документтери, ошондой эле ишкердик ишке жана лицензиялоого тийиш болгон чарбалык иштин айрым түрлөрүнө укук берүүчү документтер (устав, ишкананы түзүү жөнүндө чечим же уюштуруучулардын келишими, каттоо күбөлүгү, лицензия, патент);

б) статистикалык отчеттун, ошондой эле финансылык-экономикалык отчеттун бекитилген формалары боюнча маалыматтар жана салыктарды, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнү жана төлөөнү текшерүү үчүн башка маалыматтар;

в) салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө жөнүндө документтер;

г) төлөө жөндөмдүүлүгүн күбөлөндүрүүчү документтер;

д) кызматкерлердин саны, курамы, уюмдун жетекчисинин жана уюмдун коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн эмгек акысы, эмгек акы тутуму, эмгек шарттары жөнүндө, анын ичинде эмгекти коргоо, өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын көрсөткүчтөрү, бош жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар;

е) айлана-чөйрөнүн булганышы, монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу, эмгекти коргоо эрежелеринин сакталбашы, керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирүүчү продукциялардын сатылышы, ошондой эле башка мыйзам бузуулар жана мында келтирилген зыяндардын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар;

ж) мамлекеттик ишканалардын кызмат адамдарынын ишкердик иш менен алектенген уюмдарга катышуусу жөнүндө маалыматтар;

з) "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда берилүүгө тийиш маалымат.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-4)
