3-берене
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · IV бөлүм
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 128-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Коммерциялык сырдын объекттерине төмөнкүлөр кирбейт:
а) уюштуруу документтери, ошондой эле ишкердик ишке жана лицензиялоого тийиш болгон чарбалык иштин айрым түрлөрүнө укук берүүчү документтер (устав, ишкананы түзүү жөнүндө чечим же уюштуруучулардын келишими, каттоо күбөлүгү, лицензия, патент);
б) статистикалык отчеттун, ошондой эле финансылык-экономикалык отчеттун бекитилген формалары боюнча маалыматтар жана салыктарды, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнү жана төлөөнү текшерүү үчүн башка маалыматтар;
в) салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө жөнүндө документтер;
г) төлөө жөндөмдүүлүгүн күбөлөндүрүүчү документтер;
д) кызматкерлердин саны, курамы, уюмдун жетекчисинин жана уюмдун коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн эмгек акысы, эмгек акы тутуму, эмгек шарттары жөнүндө, анын ичинде эмгекти коргоо, өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын көрсөткүчтөрү, бош жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
е) айлана-чөйрөнүн булганышы, монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу, эмгекти коргоо эрежелеринин сакталбашы, керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирүүчү продукциялардын сатылышы, ошондой эле башка мыйзам бузуулар жана мында келтирилген зыяндардын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар;
ж) мамлекеттик ишканалардын кызмат адамдарынын ишкердик иш менен алектенген уюмдарга катышуусу жөнүндө маалыматтар;
з) "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда берилүүгө тийиш маалымат.".
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Коммерциялык сыр жөнүндөЗакон · 30.03.1998 · № 27
- Маалымат алуу укугу жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 217
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021237/st-3" title="3-берене - Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>