# 2118-берене. Арыз берүү

- Документ: [Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-январындагы № 28 "Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-2118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5473/edition/25496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021237/st-2118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2118-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-2118

---

1. Арыз даттанылып жаткан актынын кабыл алынгандыгы же даттанылып жаткан аракеттин жасалгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде, ал эми арыз ээсинин суроо-талабын кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө жооп же кабарлоо алынбаганда, маалымат ээсинин аракетсиздигине карата арыз ээси кайрылган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин бир айдын ичинде сотко берилиши мүмкүн.

2. Маалымат ээсинин аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актысына талаш-тартышты сотко чейин чечүү тартибинде жогору турган органга же кызмат адамына даттанууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган сотко арыз берүү мөөнөтү арыз ээсинин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу алынган күндөн тартып, ал эми берилген даттанууга жооп алынбаган учурда арыз ээси даттануу берген күндөн кийинки күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин башталат.

3. Арыз ушул Кодекстин 111-беренесинде каралган талаптарга ылайык келүүгө жана ушул Кодекстин 2119-беренесине ылайык аракетке (аракетсиздикке) жана (же) даттанылып жаткан актыга карата арыз ээсинин кошумча талабын (талаптарын) камтууга тийиш.

---

Мурунку берене: [2117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-2117)  
Кийинки берене: [2119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-2119)
