# 2117-берене. Маалымат ээлеринин маалымат алууга болгон укукту бузган аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актыларына даттануу

- Документ: [Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-январындагы № 28 "Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-2117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5473/edition/25496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021237/st-2117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2117-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-2117

---

1. Маалымат берүүдөн баш тартылган жана (же) аларга карата "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган аракет (аракетсиздик) жана (же) актылар (чечимдер) кабыл алынган жеке жана юридикалык жактар маалымат алуу укугун коргоо жөнүндө иштер боюнча арыз берүүчүлөр болушу мүмкүн.

2. Арыз ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча, ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен сот тарабынан каралат.

3. Маалымат алуу укугун коргоо жөнүндө иштер алдын ала өндүрүштүн аяктагандыгы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама кабыл алынган күндөн тартып бир ай ичинде каралат жана чечилет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-1)  
Кийинки берене: [2118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237/st-2118)
