Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-октябры № 175
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-1-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө" жобо төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын: "8-1. Шайлоочу, жеке/биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациядан өтүү менен шайлоочунун катталган жери боюнча участкалык шайлоо комиссиясына, АДБ ШУ түзүлгөн жери боюнча тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына же шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу пункттарына аралыктык формада добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө кагаз түрүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Аралыктан добуш берүүгө катышуу жөнүндө кагаз түрүндө арыздын формасы ушул жободо 2-тиркемеге тиркелет.".
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
"2-тиркеме
АРАЛЫКТАН ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо
Мен, ____________________________________________________________________________________________ __________, ________________________________________________________________________ дареги боюнча АД УШК № __________ аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизүүнү өтүнөм.
АРЫЗДА КӨРСӨТҮЛГӨН МЕНИН МААЛЫМАТТАРЫМДЫ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ИШТЕП ЧЫГУУГА, БЕРҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МАКУЛМУН.
ЖИН: ______________________________________ Телефон: ____________________________________________ Электрондук почтасынын дареги: ____________________________________________________________________ Датасы: ___________________ Убактысы: ____________________ _______________________________________________ Шайлоочунун кол тамгасы
Биометрикалык/жеке идентификациялоодон өткөндүгүн тастыктайм: (Керектүүнү белгилөө зарыл)
____________________________________________________
П.М.
______________________
Арызды кабыл алган УШК мүчөсүнүн, оператордун, волонтердун, КТБ кызматкеринин аты-жөнү (Керектүүнү белгилөө зарыл)
кол тамгасы
Телефон: ________________________ Арыздарын кабыл алуу пунктунун дареги _____________________________________________________________
Урматтуу шайлоочу! Арызды берген датадан тартып 7 (жети) күндөн кечиктирбестен Сизге арызды иштеп чыгуунун статусу жөнүндө шайлоо комиссиясынын жообу жиберилет. Сиз Тизме мамлекеттик порталын (tizme.gov.kg) көрүү же 1255 же 119 номерине чалуу менен шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн тууралыгын текшере аласыз.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 23.09.2024 · № 136