Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Базар-Коргон шаардык кеңешинин « Базар-Коргон шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынан алынган www.bazar-korgonmeria.kg домендик аталышына токтом кабыл алуу жөнүндө» токтому
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №8
« Базар-Коргон шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынан алынган www.bazar-korgonmeria.kg домендик аталышына токтом кабыл алуу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 45-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №59-т тескемесине жана талаптарына ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 06.08.2024-жылкы чыгыш 01-17/1408 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХХIV -сессиясы токтом кылат:
Базар-Коргон шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынан алынган www.bazar-korgonmeria.kg домендик аталышына токтом кабыл алынсын.
Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага:
К.К. Анарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.