# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-январындагы № 28 "Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-январындагы № 28 "Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37608/edition/25422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-январындагы № 28 "Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021179

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 21-январы № 28

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 748 тескемеси менен бекитилген 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын 3.1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда аталган Типтүү жобонун ченемдерине ылайык укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишти уюштуруу сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
