# 8-берене. Патогендүү биологиялык агенттердин кооптуулук топторун аныктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 8-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-8

---

1. Ушул Мыйзам менен регламенттелүүчү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууда келип чыгуучу, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунуч даражасына жараша жабык тутумдар үчүн патогендүү биологиялык агенттердин кооптуулугунун төмөнкүдөй топтору белгиленет:

1) I топ - өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды жайылтууга жөндөмдүү болгон микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган жогору тобокелдиктеги ишке ылайык келет;

2) II топ - инфекцияларды жугузууга потенциалдуу жөндөмдүү болгон микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган орточо тобокелдиктеги ишке ылайык келет;

3) III топ - шарттуу патогендүү микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган төмөн тобокелдиктеги ишке ылайык келет;

4) IV топ - патогендүү эмес микроорганизмдерди пайдалануу тобокелдиги менен салыштырууга боло турган бир аз тобокелдиктеги же тобокелдиги жок ишке ылайык келет.

2. Лабораториялык изилдөөлөрдүн чегинен чыккан көлөмдө жабык тутумдарда. ошондой эле жабык эмес тутумдарда микроорганизмдер менен жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү тобокелдиктин I жана II топторуна кирет.

3. Патогендүү биологиялык агенттерди кооптуулук топтору боюнча бөлүштүрүү менен алардын тизмелери (тизмектери), ошондой эле ар бир топтогу патогендүү биологиялык агенттерге карата контролдоо чараларын жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам алдындагы ченемдик укуктук документтер менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-9)
