# 7-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 7-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-7

---

1. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик укуктук жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

3) потенциалдуу коркунучтуу биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөөгө багытталган жана тиешелүү учурларда ал үчүн жазаны караштырган чараларды эске алуу менен биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнү токтотуу;

4) биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын жана генетикалык модификацияланган организмдерди чек ара аркылуу алып өтүүнү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;

5) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү жана бирдейлештирүү.

2. Бардык патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары иштин тиешелүү түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар юридикалык жактар тарабынан гана өндүрүлөт, кайра иштетилет, өткөрүп берилет, колдонулат, сакталат, жок кылынат, экспорттолот (импорттолот).

Аталган юридикалык жактар патогендүү биологиялык агенттердин жана заманбап биотехнология азыктарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чарларды көрөт. Юридикалык жактардын биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ишин лицензиялоо Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн критерийлери, ошондой эле тобокелдиктерге баа берүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Потенциалдуу коркунучтуу биологиялык объекттерде болгон биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнология азыктарынын коркунучтуулук категориясын эске алуу менен алардын физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-8)
