# 6-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 6-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-6

---

Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:

1) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын, анын ичинде илимий-изилдөө максатында өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, пайдаланууну, сактоону, ташууну, сатууну, сатып алууну укуктук жөнгө салуу жана контролдоо;

2) коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык калкты жана айлана-чөйрөнү патогендүү биологиялык агенттерден жана заманбап биотехнология азыктарынан коргоо;

3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жагынан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо;

4) экспорттук контролдоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Улуттук контролдоо тизмесине мониторингди жана актуалдаштырууну жүргүзүү;

5) биологиялык коопсуздук коркунучу келип чыккан учурда калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооп кайтаруу чараларын көрүү;

6) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде калктын кабардар болушунун деңгээлин жогорулатуу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-7)
