# 5-берене. Биологиялык коркунучтардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 5-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-5

---

1. Биологиялык коркунучтардын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) табигый, техногендик, аскердик кырдаалдардын потенциалдуу коркунучтуу биологиялык объекттерге таасири;

2) патогендүү биологиялык агенттерди санкциясыз жүгүртүү жана аларга жетүү жана аларды чек ара аркылуу алып өтүү;

3) адамдын жана/же жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн инфекциялык (анын ичинде өзгөчө коркунучтуу, карантиндик) ооруулардын айрым түрлөрү менен ооруп калышынын орточо статистикалык деңгээлден ашуусу;

4) патогендүү биологиялык агенттерди иштетүүдө адамдарга жана айлана-чөйрөгө жуктуруу;

5) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын биологиялык курал катары колдонуу;

6) биологиялык коркунучтун булактары жайгашкан же патогендүү биологиялык агенттерди колдонуу менен жумуштар аткарылган объекттерде авариялардын келип чыгышы, террористтик актылардын, диверсиялардын жасалышы;

7) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек ара аркылуу өткөрүп берүү.

2. Биологиялык коркунучтардын алдын алуу жана болтурбоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-6)
