# 4-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 4-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-4

---

Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

1) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин үстөмдүгү;

2) улуттук кызыкчылыктардын артыкчылыгы;

3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде калктын кабардар болушун арттыруу;

4) биологиялык коопсуздук коркунучу болгон учурда иштин ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашырууну карантиндик иш-чараларды киргизүү, биологиялык материалдарды жүгүртүүнү контролдоо, биологиялык материалдар менен иштөөдө персоналдын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу усулдары менен чектөө жана/же ишти токтотуп туруу;

5) биологиялык коркунучтарга, анын ичинде биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек аралар аркылуу алып өтүүгө өз убагында жооп кайтаруу;

6) биологиялык коопсуздук талаптарын эске алуу менен ар кандай иштин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жана кесепеттерин ар тараптуу талдоо жана баалоо;

7) потенциалдуу кооптуу биологиялык агенттердин жана токсиндердин, анын ичинде генетикалык модификацияланган организмдердин адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу зыяндуу таасиринин тобокелдиктерин баалоодо илимий негизделген, интеграцияланган жана жекече мамиле кылууну пайдалануу;

8) патогендүү биологиялык агенттерди иштетүүнү контролдоо жана көзөмөлдөө;

9) биологиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-5)
