# 3-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 3-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-3

---

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү патогендүү биологиялык агенттердин таасиринин жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоону камсыз кылуу;

2) калктын саламаттыгы жана айлана-чөйрө жагынан тиешелүү коопсуздук чараларын сактоо менен биотехнологияны өнүктүрүү жана пайдалануу;

3) биологиялык коопсуздук коркунучтарын комплекстүү болтурбоону камсыз кылуу жана патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди, ошондой эле заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ыктымалдуу жагымсыз кесепеттерди азайтуу;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, биологиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык келишимдердин ченемдерин ишке ашыруу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-4)
