# 15-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуудагы эл аралык кызматташтык

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 15-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-15

---

1. Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын колдонууну, ошондой эле аларды террористтик максаттарда пайдаланууну контролдоо максатында эл аралык кызматташтык жүзөгө ашырылат.

Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын контролдоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктын укуктук негизин биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, негиз болуучу эл аралык ченемдик укуктук актылар түзөт. Эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык келбеген, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон же Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жоготууга алып келүүчү милдеттенмелерди алууга жол берилбейт.

2. Эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) өз ара укуктук, усулдук, техникалык жана башка жардам көрсөтүү;

2) мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган саясатты иштеп чыгуу;

3) патогендүү биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнология азыктарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө/атайылабастан чыгып кетишине түрткү берген себептерди жана шарттарды болтурбоо жана жоюу боюнча биргелешкен иш;

4) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын контролдоо маселелери боюнча маалымат алмашуу;

5) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнү/атайылабастан чыгып кетишин токтотуу боюнча биргелешкен ыкчам жана башка иш-чараларды жүргүзүү;

6) кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

7) башка өлкөнүн аймагынан патогендүү биологиялык агенттер жана/же заманбап биотехнология азыктары атайылабастан чыгып кеткен учурда тараптардын жоопкерчилигин аныктоо.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-16)
