15-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуудагы эл аралык кызматташтык
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
1. Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын колдонууну, ошондой эле аларды террористтик максаттарда пайдаланууну контролдоо максатында эл аралык кызматташтык жүзөгө ашырылат.
Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын контролдоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктын укуктук негизин биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, негиз болуучу эл аралык ченемдик укуктук актылар түзөт. Эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык келбеген, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон же Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жоготууга алып келүүчү милдеттенмелерди алууга жол берилбейт.
2. Эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өз ара укуктук, усулдук, техникалык жана башка жардам көрсөтүү;
2) мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган саясатты иштеп чыгуу;
3) патогендүү биологиялык агенттердин жана/же заманбап биотехнология азыктарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө/атайылабастан чыгып кетишине түрткү берген себептерди жана шарттарды болтурбоо жана жоюу боюнча биргелешкен иш;
4) патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын контролдоо маселелери боюнча маалымат алмашуу;
5) патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүүнү/атайылабастан чыгып кетишин токтотуу боюнча биргелешкен ыкчам жана башка иш-чараларды жүргүзүү;
6) кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
7) башка өлкөнүн аймагынан патогендүү биологиялык агенттер жана/же заманбап биотехнология азыктары атайылабастан чыгып кеткен учурда тараптардын жоопкерчилигин аныктоо.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>