# 13-берене. Патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары тууралуу маалыматты коргоо боюнча чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 13-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-13

---

1. Патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын даярдоо усулдарына жана алардын мүнөздөмөлөрүнө, алар колдонулуучу айкын жерлерге тиешелүү маалымат, анын ичинде электрондук сактагычтарда камтылган маалымат чектелген пайдалануу үчүн маалымат болуп саналат.

Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын даярдоо усулдары жана алардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматты жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялык тармактар аркылуу берүүгө жана мындай тармактарга кошулган компьютерлерде сактоого тыюу салынат. Патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары тууралуу маалыматтын корголушун камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары менен иштөөгө уруксат берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-14)
