13-берене. Патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары тууралуу маалыматты коргоо боюнча чаралар
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
1. Патогендүү биологиялык агенттерди жана заманбап биотехнология азыктарын даярдоо усулдарына жана алардын мүнөздөмөлөрүнө, алар колдонулуучу айкын жерлерге тиешелүү маалымат, анын ичинде электрондук сактагычтарда камтылган маалымат чектелген пайдалануу үчүн маалымат болуп саналат.
Патогендүү биологиялык агенттерди жана/же заманбап биотехнология азыктарын даярдоо усулдары жана алардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматты жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялык тармактар аркылуу берүүгө жана мындай тармактарга кошулган компьютерлерде сактоого тыюу салынат. Патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары тууралуу маалыматтын корголушун камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология азыктары менен иштөөгө уруксат берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230021166/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>