# 12-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 12-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-12

---

Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:

1) биологиялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте биологиялык коопсуздук коркунучунун же аны менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын келип чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону камсыз кылат;

2) биологиялык коркунуч менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга көмөктөшөт;

3) биологиялык коопсуздукту бузуунун натыйжасында өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жарандык коргонуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аракеттенет;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-13)
