# 11-берене. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5471/edition/25401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021166/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө, 11-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:

1) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;

3) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;

4) Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздукту өздөрүнүн компетенцияларынын алкагында камсыз кылууга жооптуу болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт жана ишин координациялайт;

5) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт;

6) илимий-изилдөө ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле биологиялык коопсуздук маселелери боюнча билим берүү мекемелеринде кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды кабыл алат;

7) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, патогендүү биологиялык агенттерди жүгүртүү жана аларды контролдоо жаатындагы эл аралык келишимдер боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруу боюнча координациялоону жүзөгө ашырат;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү камтыган автоматташтырылган маалымат тутумун эске алуу менен патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021166/st-12)
