Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-декабры № 828
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын тизмесин бекитүү жөнүндө
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 453 "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартиби жөнүндө" токтомунун 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссияларга турак жай маселелери боюнча арыздарды кароодо турак жай маселелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу кызматкерди жумушка тартуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын ТИЗМЕСИ
№
Багыт
Керектүү тастыктоочу документтер
1
2
3
1-глава. Саламаттык сактоо тармагында
1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча толук төлөнбөгөн медициналык кызматтар, анын ичинде сарпталуучу материалдар жана нозологиялардын диагностикасы үчүн акы төлөө тиркелген нозологиялардын (оорулардын) тизмесине ылайык жүргүзүлөт
1) медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кеңейтилген медициналык комиссиянын корутундусу;
2) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
3) мекеменин банктык реквизиттери
2
Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн реабилитациялоо программаларына, анын ичинде физикалык жана психосоциалдык реабилитациялоого акы төлөө
1) медициналык корутунду;
2) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
3) мекеменин банктык реквизиттери
3
Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде терапиялык, хирургиялык жана ортодонтиялык кызматтарга акы төлөө
1) медициналык корутунду;
2) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
3) мекеменин банктык реквизиттери
2-глава. Билим берүү тармагында
4
Мамлекеттик жана жеке менчик орто кесиптик жана жогорку окуу жайларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө ЖОЖдон кийинки билим берүүдө контракт боюнча окуу үчүн акы төлөө
1) аккредитация жөнүндө сертификаттын/лицензиянын көчүрмөсү;
2) окууга кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
3) билим берүү уюму менен келишим;
4) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
5) мекеменин банктык реквизиттери
3-глава. Турак жай тармагындагы маселелер боюнча
5
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайдын ижара акысын төлөө
1) кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага алуу боюнча "МИК" ААК менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
2) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
3) "МИК" ААКтын банктык реквизиттери
6
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасы боюнча ипотеканы алууда баштапкы төлөмдү төлөө
1) "МИК" ААК менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
2) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
3) "МИК" ААКтын банктык реквизиттери
7
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасынын алкагында учурдагы ипотеканы төлөө
1) "МИК" ААК менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
2) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
3) "МИК" ААКтын банктык реквизиттери
8
Эгерде кыймылсыз мүлктүн ээси бала болсо, турак жайды оңдоону, жашоо шарттарын жакшыртууну же модернизациялоону каржылоо
1) сатып алуу-сатуу келишиминин көчүрмөсү;
2) чыгымдардын сметасы;
3) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
4) мекеменин банктык реквизиттери
9
Кыймылсыз мүлктүн ээси бала болгон шартта, бала үчүн турак жай аянтын түзүүгө же кеңейтүүгө, анын ичинде кошумча турак жай аянтын курууга же сатып алууга чыгымдарды төлөө
1) сатып алуу-сатуу келишиминин көчүрмөсү;
2) чыгымдардын сметасы;
3) төлөө үчүн эсеп/квитанция;
4) мекеменин банктык реквизиттери
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн ден соолукту чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу боюнча багыттардын тизмесине тиркеме
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитинин каражаттарын пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча толук көлөмдө төлөнбөгөн нозологиялардын (оорулардын) ТИЗМЕСИ
№
Оорулар
ОЭАК
МКП
1
2
3
4
1-глава. Шишиктер. 1
Курч лимфобласттык лейкоз
C91.0
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
2
Курч миелоиддик лейкоз
С92.0
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
3
Ходжкин оорусу
C81
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
4
Мээ шишиктери
C71.1-6
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
5
Нейробластома
С47
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
6
Нефробластома
С64
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
7
Ретинобластома
С69.2
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
8
Гепатобластома
С22
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
9
Фолликулярдык ходжиндик эмес лимфома
С82 - С89
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
10
Жумшак ткандардын саркомасы
С90.0 - С90.2
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
11
Өнөкөт лимфоцитардык лейкоз
C91.1 - C91.9
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
12
Өнөкөт миелоиддик лейкоз
C92.1
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
13
Лангерганс клеткасынын гистиоцитозу
С96.6
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
2-глава. Кан жана кан түзүүчү органдардын оорулары
14
Басымдуу антителолордун жетишсиздиги менен иммундук жетишсиздиктер
D80 - 84
15
VIII фактордун ("А" гемофилиясы) тукум куучулук жетишсиздиги
D66
Негизги оорусу боюнча гемофилия менен ооругандар
16
IX фактордун ("В" гемофилиясы) тукум куучулук жетишсиздиги
D67
Негизги оорусу боюнча гемофилия менен ооругандар
17
Виллебранд оорусу
D68
18
Кандын уюшунун башка факторлорунун тукум куучулук жетишсиздиги (I, II, V, VII, X, XI, XII)
D68.2
19
Тромбоциттердин сапаттык кемчиликтери (тубаса тромбоцитопатиялар: Бернар-Сулье оорусу, Гланцман оорусу)
D69.1
Негизги оорусу боюнча гемофилия менен ооругандар
20
Баштапкы иммундук тромбоцитопения
D69.3
21
Апластикалык анемия
D61.3
Онкогематологиялык оорулуулар үчүн
22
Тубаса апластикалык анемия (Даймонд-Блекффан анемиясы)
D64.4
Онкогематологиялык оорулуулар үчүн
23
Пароксизмалдуу түнкү гемоглобинурия (Маркиафава-Микели оорусу)
D59.5
МКП аркылуу алынган кан препараттары толук жетиштүү эмес
24
Гемолитикалык анемия (гемоглобинопатия)
D58.2
МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт
25
Кийин пайда болгон аутоиммундук гемолитикалык анемия
D59.1
МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт
26
Гемолитикалык анемия (ферментопатия)
D55
МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт
27
Тукум куучулук сфероцитоз (Минковский-Шоффар оорусу)
D58.0
МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт
28
Гоше оорусу
Е75.2
МКП боюнча кан препараттары толук көлөмдө төлөнбөйт
3-глава. Сөөк-булчуң жана бириктирүүчү ткандардын оорулары
29
Идиопатиялык сезгенуү миопатиялары
МЗЗ
Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
30
Түйүндүү полиартериит
М30
Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
31
Спецификалуу эмес аортоартериит (Такаясу оорусу)
M31.4
Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
32
Вегенер гранулематозу (полиангиит менен гранулематоз)
M31.3
Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
33
Бехчет оорусу
М35.2
Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
34
Чердж-Стросс оорусу
M30.1
Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
4-глава. Жаак-беттин оорулары
35
Беттин, эриндин жана таңдайдын кыйгач жана туурасынан кеткен жаракасы
Q18.0
МКП боюнча төлөнөт
36
Ван дер Вуд синдрому
Q38.0
МКП боюнча төлөнөт
37
Ооз көңдөйүнүн былжыр фиброзу
K13.5
МКП боюнча төлөнөт
38
Тубаса аягына чыкпаган остеогенез
Q78.0
МКП боюнча төлөнөт
39
Тубаса сколиоз
Q76.4
МКП боюнча төлөнөт
40
Радиоульнардык синостоз
Q74.0
МКП боюнча төлөнөт
41
Люшка кабыргасы
Q76.6
МКП боюнча төлөнөт
5-глава. Нерв системасынын оорулары
42
Каракуш мээнин эрте атаксиясы (Фридрейх атаксиясы (аутосомдук-рецессивдүү) Х-байланышкан рецессивдүү спиноцеребеллярдык атаксия Х-уланган спиноцеребеллярдык атаксиялар, аутосомдук-рецессивдүү спиноцеребеллярдык атаксиялар, Е витамининин тукум куучу жетишсиздиги)
G11.1
Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт
43
ДНКнын репарациясынын бузулушу менен каракуш мээнин атаксиясы Телеангиэктатикалык атаксия (Луи-Бар синдрому)
G11.3
Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт
44
Гликоген топтоо оорулары (Помпе оорусу (гликогеноздун 2-тиби)
Е74.0
Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт
45
Тукум куучу спастикалык параплегия (Штрюмпель оорусу)
G11.4
Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт
46
Омуртканын I типтеги (Вердниг-Гоффман) булчуң дистрофиясы (омуртканын I, II, III типтеги амиотрофиясы)
G12
Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт
47
Кыймылдаткыч нейрондун оорусу. Кыймылдаткыч невронго жакын оору (Амиотрофиялык каптал склерозу)
G12.2
Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт
48
Базалдык ганглиянын башка дегенеративдик оорулары. Галлерворден-Шпатц оорусу
G23
Реабилитация МКП боюнча төлөнбөйт
49
Дистония
G24
МКП боюнча төлөнөт
50
Нерв системасынын башка рубрикаларда классификацияланбаган башка дегенеративдик оорулары (Башка рубрикаларда классификацияланбаган лейкодистрофиялар, анын ичинде Александер оорусу, субкортикалдык кисталар менен лейкоэнцефалопатия, МР-спектроскопияда сөңгөктүн жабыркашы жана лактаттын жогорку деңгээли менен лейкоэнцефалопатия, Канаван оорусу), метахроматикалык лейкодистрофия, Краббе оорусу
G31
Диагностика МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
51
Энөө склероз
G35
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
52
Оптиконевромиелит (Девик оорусу)
G36
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
53
Эпилептикалык энцефалопатия жана эпилепсиялык синдромдор
G40.8
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
54
Тукум куучу моторикалык жана сенсордук невропатия
G60
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
55
Курч сезгенүүчү демиелинизациялоочу полирадикулоневропатия (Гийен-Барре синдрому)
G61.0
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
56
Өнөкөт сезгенүүчү демиелинизациялоочу полиневропатия
G61.8
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
57
Тубаса же кийин пайда болгон миастения
G70
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
58
Булчуңдун дистрофиясы
G71.0
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
59
Башка рубрикаларда классификацияланбаган митохондриялык миопатия (MELAS, MERRF, NARP синдрому, Керно-Сайер синдрому, митохондриялардын дем алуу чынжырынын комплекстеринин жетишсиздиги менен шартталган митохондриялык миопатиялар)
G71.3
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
60
Факоматоздор: I типтеги нейрофиброматоз, тубероздук склероз. Башка рубрикаларда классификацияланбаган башка фокамотоздор
Q85
Реабилитациясыз МКП боюнча төлөнөт
6-глава. Бөйрөк жана заара чыгаруу жолдорунун оорулары
61
Атиптүү гемолитикалык-уремиялык синдром
D59.3
Органдарды трансплантациялоосуз МКП боюнча төлөнөт
62
Ig-A баштапкы нефропатия
N02.0
Органдарды трансплантациялоосуз МКП боюнча төлөнөт
63
Фокалдык-сегментардык гломерулосклероз (ФСГС)
N04.1
Органдарды трансплантациялоосуз МКП боюнча төлөнөт
64
Диффузиялык мембраноздук гломерулонефрит
N04.2
Органды трансплантациялоосуз МКП боюнча төлөнөт
7-глава. Кан айлануу органдарынын оорулары
65
Ичкерген тромбангиит (Бюргер оорусу)
173.1
Чыгымдалуучу материалдарсыз МКП боюнча төлөнөт
66
Идиопатиялык (баштапкы) өпкө артериялык гипертензия (ӨАГ)
127.0
Чыгымдалуучу материалдарсыз МКП боюнча төлөнөт
67
Башка оорулар менен байланышкан өпкө артериялык гипертензия (бириктиргич ткандардын системалуу оорулары, жүрөктүн тубаса кемтиктери, ВИЧ-инфекциясы, дарылардан жана токсиндерден улам пайда болгон портопульмоналдык ӨАГ ж.б.) ж.б.
127.8
Чыгымдалуучу материалдарсыз МКП боюнча төлөнөт
68
Аорта жана митралдык клапандардын тубаса аномалиялары
Q23
Чыгымдалуучу материалдарды жана оксигенаторду кошпогондо, МКП боюнча төлөнөт
69
Тетрада Фалло
021.3
70
Аягына чейин чыкпаган остеогенез
Q78
71
Буллездук эпидермолиз
Q81
72
Көбүнчө беттин сырткы көрүнүшүнө таасирин тийгизген тубаса аномалия синдромдору. Гольденхар синдрому, Мебиус синдрому, оро-фациалдык-дигиталдык синдром, Робен синдрому, Тричер Коллинз синдрому, Вейль-Маркезани синдрому, Крузон синдрому, Сетре-Чотзен синдрому
Q87
МКП боюнча төлөнбөйт
73
Көбүнчө кол-буттун тубаса аномалияларынын синдромдору: Холт-Орам синдрому, Клиппель-Тренон-Вебер синдрому, тырмактын-тизе томугунун жок болуу (жетилбеген) синдрому, Рубинштейн-Тейби синдрому, сирингомиелия (буттардын биригип өсүшү) синдрому, билек сөөктүн (TZR) жок болушу менен тромбоцитопения синдрому, VZTER синдрому, тубаса контрактуралык арахнодактилия
Q81
МКП боюнча төлөнбөйт
74
Вильямс синдромунун, Стиклер синдромунун башка рубрикаларында классификацияланбаган тубаса аномалиянын башка такталбаган синдромдору, төмөнкү синдромдор:
- Альпорт
- Лоуренс-Мун-Барде-Бидль
- Зельвегер (Цельвегер), ошондой эле LEOPAR синдрому
Q87.7
МКП боюнча төлөнбөйт
75
Теринин жана тырмактын кандидозу Өнөкөт былжырлуу кандидоз (CARD9 жетишсиздиги, IL17F жетишсиздиги, IL17RA жетишсиздиги)
В37
МКП боюнча толук төлөнбөйт
76
Фенилкетонурия (классикалык)
Е70.0
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
77
"Клен сиробу" оорусу
E71.0
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
78
Көрүү нервинин атрофиясы
Н47.2
МКП боюнча төлөнбөйт
79
Тубаса глаукома
015.0
МКП боюнча төлөнбөйт
80
Тубаса катаракта
Q12.0
МКП боюнча төлөнбөйт
81
Жаракаттан кийинки катаракта
H26.1
МКП боюнча төлөнөт
82
Ара төрөлгөндөрдүн арткы агрессивдүү ретинопатиясы
Н35.2
МКП боюнча төлөнбөйт
8-глава. Эндокринология. 83
Феохрамоцитома
Е27.5
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
84
Аддисон оорусу
E27.1
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
85
Аутоиммундук полигландулярдык синдром
E31
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
86
Гигантизм
Е22.0
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
87
Гипопитуитаризм
Е23.0
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
88
Псевдогипопаратиреоз
E20.1
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
89
Моди-диабет
E11.8
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
90
Өсүү гормонунун жетишсиздиги
Е34.3
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
91
Кушинг синдрому
Е24
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
92
Порфирия
Е80
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
93
Мукополисахаридоз
E76.1
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
94
Гипофиздин гиперфункциясынын башка абалдары (борбордук генездин эрте жыныстык өнүгүүсү)
Е22.8
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
95
Тубаса гиперинсулинизм
E16.1
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
9-глава. Өнүгүүнүн тубаса кемтиктери (неонаталдык хирургия)
96
VACTERL ассоциациясы
Q87.2
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
97
Биригип өскөн эгиздер
Q89.4
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
98
Беквит-Видеман синдрому
Q87.3
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
99
Пруне белли синдрому
Q79.4
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
100
CHARGE синдрому
Q87.8
МКП боюнча толук көлөмдө төлөнбөйт
101
Гастрошизис
Q79.3
МКП боюнча төлөнөт
10-глава. Балдар урологиясы
102
Гипоспадия
Q54.0
МКП боюнча төлөнөт
103
Эписпадия
Q64.0
МКП боюнча төлөнөт
104
Табарсыктын экстрофиясы
Q64.1
МКП боюнча төлөнөт
11-глава. Балдар хирургиясы
105
Өт жолдорунун атрезиясы
Q44.2
МКП боюнча төлөнөт
106
Диафрагмалык грыжа
К.44. 9
МКП боюнча төлөнөт
107
Пейтс-Егерс синдрому
Q85.8
МКП боюнча төлөнөт
108
Кароли Q44.5 оорусу
Q44.5
МКП боюнча төлөнөт
12-глава. Кулак, мурун, тамак оорулары
109
Эки тараптуу микротия
Q17
МКП боюнча төлөнбөйт
110
Тубаса дүлөйлүк
Н90.3
МКП боюнча төлөнбөйт
111
Кулактын угуусунун эки тараптуу/бир тараптуу начарлашы
Н90.7, Н90.8
МКП боюнча төлөнбөйт
112
Кекиртектин стенозу
J38.6
МКП боюнча төлөнөт
113
Кекиртектин кистасы
D14.1
МКП боюнча төлөнөт
114
Кекиртектин папилломатозу
D14.1
МКП боюнча төлөнөт
13-глава. Жугуштуу оорулар
115
Тубаса кызамык синдрому (ТКС)
Р35.0
МКП боюнча төлөнөт
116
Бактериалык менингиттер
G00.9
МКП боюнча төлөнөт
117
Тырышма
A3 5
МКП боюнча төлөнөт
118
Кене энцефалити, менингоэнцефаломиелит формасы
А84.9
МКП боюнча төлөнөт
119
Курч паралитикалык полиомиелит
А80.3
МКП боюнча төлөнөт
120
Легионеллез (легионерлердин оорусу)
A48.1
МКП боюнча төлөнөт
121
Туляремия
A21
МКП боюнча төлөнөт
122
Денге безгеги
А90, A91
МКП боюнча төлөнөт
123
Хантавирус инфекциясы
А98.5
МКП боюнча төлөнөт
124
Эболавирус инфекциясы
А98.4
МКП боюнча төлөнөт
Кыскартуулардын тизмеси
ОЭАК
-
Оорулардын эл аралык классификациясы
МКП
-
Мамлекеттик кепилдиктер программасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер…Постановление · 21.09.2023 · № 493
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, каражаттарын толуктоо жана тескөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 453…Порядок · 01.08.2024 · № 453